7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды

849

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алынган “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Бул мыйзамдын максаты КРнын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Мыйзам менен инвесторлордун эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасында ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.

Ошондой эле, мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.

Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

850