Ирактын Ниневия провинциясынын Хамдания районунда үйлөнүү үлпөт тоюнда өрт чыгып, 100 киши көз жумуп, 150дөй киши жаракат алды. Бул тууралу INA агенттиги маалымдады.
Маалыматкар карагнада, Ирактын премьер-министри ички иштер жана саламаттыкты сактоо министрлерине өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бардык күчтөрдү мобилизациялоону тапшырды.
Жарандык коргонуу кызматы өрт үйлөнүү үлпөтү учурунда фейерверк атуудан чыккан болушу мүмкүн экенин билдирди. Салтанат өтүп жаткан залда да өрт коопсуздук талаптары сакталган эмес. Залдын айрым бөлүктөрү курулуш учурунда тез күйүүчү жана кымбат эмес материалдар колдонулгандыктан кулап түшкөнүн жарандык коргонуу кызматкерлери билдирди.