Түркияда ИИМдин Интерполу тарабынан ири алдамчылыкка шектелген, мурдагы жогорку кызматты ээлеген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
«Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө (Ири өлчөмдө жасалган, алдамчылык) каралган кылмыштын негизинде 55 жаштагы А.Н.га карата козголгон кылмыш иши тергелди. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар шектүү жаран 2022-жылы Интерполдун издөө тизмесине жарыяланган. Ал материалдык пайда табууга байланышкан жеке кызыкчылыгын көздөп, ошол кездеги мамлекеттик түзүмдөрдүн биринде турган жогорку кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз, 2,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө комиссиялык сый акы берүү шылтоосу менен борбор калаада жайгашкан ресторанга жана шаардын ортосунда жайгашкан батирге ээлик кылып алган»,- деп берилет маалыматта.
Андан соң, кыймылсыз мүлк үчүнчү жактарга жашыруун түрдө эки айлык мөөнөткө, жалпы суммасы 390 000 АКШ долларга бааланып күрөөгө коюлган. Аталган жаран көрсөтүлгөн каражатты алып, андан соң аты-жөнүн өзгөртүп, берилген убадасын аткарбай жана каражаттарды кайтарбастан, изин белгисиз тарапка жашырып кеткен.
Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында аталган мүлк үчүнчү жактардын жеке менчигине өтүп кеткен. Мүлктү баалоо жана экспертиза борборунун корутундусуна ылайык, батир 56 000 долларга, ресторан 771 600 долларга бааланган. Жалпы келтирилген чыгым, 827 600 АКШ долларын түзгөн.
Учурда экстрадиция маселеси чечилүүдө. Тергөө иштери уланууда.