7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ири өлчөмдө психотроптук зат сатып жүргөн жаран кармалды

342

Бишкекте ири өлчөмдө «альфа-ПВП» психотроптук баңгизатын сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милицияга азиат улутундагы 30-35 жаштагы жаран Бишкек шаарынын аймагында баңги каражаттарды сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты текшерүү үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу менен алектенген жарандын өздүгү аныкталган.

Ал 34 жаштагы 1990-жылы туулган Д.М.Д. аттуу жаран экени аныкталган, өз ыктыяры менен кара скотчка оролгон баштыкчаларды берип, баңгизаттарды каткан жерлерин көрсөткөн.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар психотроптук зат — альфа-ПВП экени аныкталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.

Бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралар улантылууда.

343