7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Исхак Масалиев: Аксы окуясы өлкөнүн баардык жетекчилери үчүн сабак

488

Жогорку Кеңештин 5 жолку депутаты Исхак Масалиев: 2002-жылдын 17-18-март күндөрү Аксы районунда болгон окуя – Кыргызстандын эгемендик учурундагы бийлик тарабынан элге каршы курал колдонгон биринчи аракет болгон. Азимбек Бекназаровдун соту боюнча өкүм чыгаар алдында сотко барабыз деп, Кербен шаарына бараткан элди өткөрбөгүлө деп өлкөнүн жогорку бийлиги жергиликтүү бийликке айтканы менен, ок чыгаргыла деген буйрук берилген эмес.

Ошондуктан, курал колдонгон жергиликтүү милиция, аким жана прокурорлор – өйдө жактын тапшырмасын аткарган, бирок кол коюлган так буйрук болбогондуктан, алар кийин жазага тартылган эмес, айрымдары болсо кызматынан көтөрүлгөн. Бул 2 күндөгү окуяларга чейин дагы, андан кийин да эл тарабынан көптөгөн каршылык аракеттери болгон жана ошонун уландысы менен жыйынтыгы катары 3 жылдан кийин президент Аскар Акаев кызматынан кеткен…

489