7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган моратория алынды, жакында текшерүү башталат

2272

Ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган мораторий алынып салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Алмаз Шаршенбеков билдирди.

Анын айтымында, ишкерлерди текшерүүгө тыюу салуу министрлер кабинетинин 16-сентябрдагы токтому менен жокко чыгарылган.

«Мындай чечим күмөндүү, жарандардын ууланышына алып келген азык-түлүктөрдүн сатылышына жол бербөө үчүн кабыл алынган. Коомдук тамактануучу жайларда азык-түлүктөрдү туура эмес сактаган, ал жерде иштеген кызматкерлердин жеке гигиенаны сактабаган учурлар арбын», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2019-жылдан тарта Кыргызстанда ишкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү жүргүзүүгө 2 жылга тыюу салынган. Былтыр декабрь айында ал мораторий 2022-жылга чейин узартылган болчу.

Токтом 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Демек, айым чарба министрлиги болжолдуу 2-октябрдан тартып тамак-аш тармактарын массалык текшерүүлөрдү баштайт. Министрлик алгачкы текшерүулөргө СМИнин өкүлдөру да сөзсүз чакырылаарын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2273