7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Искендер Гаипкуловдун мандаты Текебаевге өткөрүлүп берилеби?

358

Искандер Гаипкуловдун мандаты ӨмүрбекТекебаевге же «Erem» клубунун аткаруучу жетекчиси Шайлообек Атазовго берилиши мүмкүн.


Белгилүү болгондой, 8-февралда Искандер Гаипкулов президенттик администрациянын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ал эми тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.


Гаипкулов «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан анын мандаты кийинки талапкерге өткөрүлүшү керек. Мандат Текебаевге өткөрүлүүсүн кулак кагыш кылган пикирлер да тараганы ырас. Бирок, Текебаевдин мандатка кайтуу боюнча ишинин жаңы жагдайлары ачылууда.


Бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда талкууланып, анда бош калган мандатты Өмүрбек Текебаевге өткөрүп берүү сунушу айтылган. Бирок, азыр мындай чечимди кабыл алуу кыйын, анткени парламентте депутаттын мандатын Текебаевге өткөрүп берүү чечими сотто каралып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

359