7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Италияда суу каптап, тургундар үйдүн чатырында жашап жатышат

1022

Италиянын түндүгүндөгү Эмилия-Романья аймагында нөшөрлөп жааган жамгыр жана селден улам кеминде 8 киши каза болуп, бир нечеси дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, табигый кырсык Эмилия-Романяда 15-майда башталган. Аталган аймактагы 14 дарыянын жээгинен суу ашып, 23 калктуу конушту каптаган. Миңдеген адамдарды эвакуациялоого туура келип, 50 миңдей тургун электр жарыгысыз калган.

«Жашоочулар куткаруучулардын келишин күтүп үйлөрдүн чатырларында күн кечирүүгө аргасыз болуп жатышат. Ошондой эле, облуста билим берүү мекемелери жабылып, поезддердин кыймылы токтотулду. Италиянын өкмөтү бул аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады»- деп берилет маалыматта.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, жаан басылбай жаткандыктан коркунуч алдыда экенини белгилешкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1023