7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

IX Кышкы Азия оюндарынын ачылышына арналган мамлекет башчыларын тосуп алуу аземи өттү

358

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда, 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылышына арналган мамлекет башчыларын тосуп алуу аземине катышты.

“Күнөстүү шаарда” Садыр Жапаровду жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүүнүн соңунда өлкөлөрдүн лидерлери 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылышынын урматына расмий кабыл алууга катышат.

Иш-чарага Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари, Бруней-Даруссаламдын Султаны Хассанал Болкиах, Таиланддын премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават, Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы У Вон Шик жана башка расмий адамдар катышууда.

 

359