7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Измирдеги тик учак кырсыгы: Кыргызстандык бир пилоттун сөөгү табылды

888

Түркиянын Измир провинциясында кулаган тик учактагы бир пилоттун сөөгү табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

«Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун кызматкерлери кырсыктан жабыркаган кыргыз жараны Э.И. менен ооруканада жолугушту. Жабырлануучунун абалы туруктуу, көптөгөн жаракаттары бар. Ошондой эле издөө иш-чараларынын натыйжасында О.О. аттуу кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды»,- деп айтылат маалыматта.

Учурда каза болгон экинчи жаранды издөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, кырсык 16-сентябрда жергиликтүү саат боюнча 23:53тө болгон. Анда Мендерес аймагында (Измирге жакын жерде) токойдогу өрттү өчүрүүгө барган учак «Тахталы» суу сактагычынан суу алып жатканда кулаган. Экипажда жалпы төрт адам болсо, анын үчөө кыргызстандык болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

889