7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Үйүңө жеткиребиз». Аялды зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды

505

Жалал-Абадда жөө жүргүнчүнү сүзүүгө жана зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

23-февралда болжол менен саат 01:30 чамасында 35 жаштагы аялды белгисиз жарандар «үйүңө жеткиребиз» деп унаага салышкан. Унаадан түшкөн учурда айымды айдоочу зордуктоого аракет кылган. Ошондой эле унаадан түшкөндөн кийин аны эки жолу сүзүп, андан ары кетип калган.

Бул окуядан кийин аял денесинен жаракат алып ооруканага кайрылып, андан соң, айдоочуга тиешелүү чара көрүү үчүн арыз жазган. Шектүү катары «Субару» үлгүсүндөгү унаанын ээси кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

 

 

506