7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Күбөлүгүм жок» Орусияда инспектордон качкан кыргызстандык айдоочунун видеосу

339

Росиянын Санкт-Петербург шаарында инспектордон качам деп бир нече жол эрежелерин бузган кыргызстандык айдоочу кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 13-январда болжол менен түнкү саат 02:00 чамаларында катталган.

Инспекторлор фарасын өчүрүп алып айдап бара жаткан «Daewoo» үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылышкан, бирок ал из жашырып кетүүнү көздөгөн. Анын артынан 20 минөт кууп барышкан. Ал арада мигрант бир нече жолу жол эрежелерин бузуп, патрулдук милициянын унаасын сүзүп кетүүгө аракеттенген. Андан соң көп кабаттуу үйлөрдүн алдына токтотуп коюп, өзү качып кетүүгө жетишкен.

Ал арада телефон аркылуу тааныштарына чалып келүүлөрүн өтүнгөн. Инспекторлор анын үнү аркылуу кыргызстандык 20 жаштагы В.О. аттуу мигрант экенин аныкташкан.

Видеодо байкалгандай, инспекторлордун эмне үчүн качтың, орусча түшүнөсүңбү?, — деген суроолоруна, «Айдоочулук күбөлүгүм жок. Орус тилин түшүнбөйм», — деп жооп берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

340