7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк-Арт дарыясына боюн таштап, жанын кыймакчы болгон келин куткарылды

578

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Мундуз айылында 1985-жылы туулган С.Т. аттуу аял өз жанын кыюу максатында Көк-Арт дарыясына секирген учурда аны жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар аталган аялды Сузак райондук РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп берди.

Келиндин өз жанын кыюуга аракет кылуусуна эмне себеп болгонун сурап, Жалал-Абад ОИИбине кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык.

«Сузак РИИБи  нөөмөт бөлүмүнө райондук 101 өрткө каршы кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда 2021-жылдын 6-июнь күнү саат 20:30 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын тургуну 1986-ж.т. Т.С. Көк-Арт дарыясындагы көпүрөдөн мас абалда сууга өзүнүн боюн таштап жиберип, аны күйөөсү суудан чыгарып куткарып калгандыгы билдирилген. Окуя боюнча Т.С. эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тарткан. Бул окуя боюнча Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө»-, деп жазылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579