Талас облусунда көк бөрү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтүүдө.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кечээ, 27-октябрь күнү көк бөрү боюнча алты оюн өткөрүлдү, төрт оюн жаштар жана эки оюн чоңдор арасында. Акыркы оюнда Ысык-Көл курама командасы Бишкек командасын 5:4 буллит эсеби менен (негизги эсеп 2:2) артка калтырып, жеңүүчү аталды.
Жаштар арасындагы жыйынтыктар:
1. Жалал-Абад — Бишкек — 9:3
2. Ош — Чүй — 3:14
3. Талас — Ысык-Көл — 4:0
4. Нарын — Баткен — 5:0
Чоңдор арасындагы жыйынтыктар:
1. Ош — Нарын — 11:0
2. Бишкек — Ысык-Көл ‐ 5:4