7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрүдө Талас облусу активдүүлүк көрсөттү. Байгелерге көз чаптырыңыз…

993

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын улакчыларынын башын бириктирип Болотбек Шерниязовдун, Болот Шамшиевдин жана Темир Дүйшөкеевдин элесине арналган көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү.

Жети дубандан келген улакчылардын таймашы кызуу уланып, кечээ, 21-март Нооруз майрамында жыйынтыкталды.

Биринчи лигада биринчиликти Талас облусунун «Кара буура» командасы 100 миң сом байгеси менен жеңип алган болсо, Жогорку лигада Талас облусунун «Ынтымак» командасы баш байгеге ээ болуп, 500 миң сомду энчилеп кетти. Эмесе төмөндө жеңүүчүлөрдүн жана байге орун ээлеринин тизмесине назар салыңыз:

Жогорку лига:
1-орун – «Ынтымак» командасы, Талас облусу, байге – 500 000 сом;
2-орун – «Достук» командасы, Ош облусу, байге – 200 000 сом;
3-орун –»Сары-Өзөн» командасы, Чүй облусу, байге – 100 000 сом.
4-орун – «Ала-Тоо» командасы, Ош шаары, байге – 70 000 сом;
5-орун – «Жаш Күч» командасы, Баткен облусу, байге – 50 000 сом;
6-орун – «Мурас» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 30 000 сом.

Биринчи лига:
1-орун – «Кара-Буура» командасы, Талас облусу, байге – 100 000 сом;
2-орун – «Жети-Өгүз» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 50 000 сом;
3-орун – «Бакубат Талас» командасы, Талас облусу, байге – 30 000 сом.
4-орун – «Сокулук» командасы, Чүй облусу, байге – 20 000 сом.

Мыкты оюнчу болуп Жогорку лиганын «Ынтымак» командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу жана Биринчи лиганын «Кара-Буура» командасынын оюнчусу Ариет Төлөнов таанылышты жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

994