7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү оюнунун жаңы эрежелери иштелип чыкты

198

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Көк бөрү федерациясы менен биргеликте көк бөрү улуттук оюнунун жаңы эрежелерин иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Айбек Абдымомунов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин маалымат жыйынында билдирди.

“Көк бөрү оюну боюнча айтсак, жазында болгон кырсыкка байланыштуу коопсуздук эрежелерин карап чыгууга чейин оюнду токтотуп койдук. Биздин милдетибиз – спортчулар менен жаныбарлардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн оюндун эрежелерин жакшыртуу. Негизинен баш кийим сыяктуу оюнчулардын коргонуу каражаттарына басым жасоо менен эрежелерди иштеп чыктык. Жакынкы күндөрү федерация менен биргеликте жаңы эрежени жарыялайбыз,- деди Абдымомунов.

Эскерте кетсек, ушул жылдын март айында Военно-Антоновка айылында көк бөрү боюнча беттеш учурунда кайгылуу окуя катталып, оюнчу каза болуп, андан соң турнир токтотулган.

199