7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар делген 180 кызматкер иштен алынды

418

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун жана Райымбек Матраимовдун мафиясынын мүчөлөрү менен байланышы үчүн мамлекеттик органдардын 180ден ашуун кызматкери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка караганда, Камчы Асанбек жана Райым Матраимовдун мафиясы менен тымызын байланышта болгон 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин бети ачылды. Алардын ичинен 180ден ашууну ээлеген кызматынан четтетилди жана бошотулду.

«Белгилей кетчү нерсе, бир эле бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулса,  Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын ичинен 14 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди, жергиликтүү кеңештин 6 депутаты мандатын тапшырды, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулду» — деп айтылат маалыматта.

Учурда калган аныкталган мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү кошумча иштер улантылууда.

Биздин мамлекеттик органдарды абийирсиз, жеке кызыкчылыгын көздөгөн, ниети бузук кызматкерлерден тазалоо боюнча ушундай иштер мамлекеттин турмушунун бардык тармактарында мындан ары да жүргүзүлө берет.

419