7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевди каржылоого шектүү ишкерге издөө жарыяланды

552

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун ишкерлер тарабынан каржылоо фактысы аныкталганын УКМК билдирет.

КМШ өлкөлөрүнүн аймагында иш жүргүзгөн «Т.И.» компаниялар тобунун жетекчилери Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылагандыгы жөнүндө төгүндөлгүс маалымат алынган. Компаниянын негиздөөчүсү Асанбек менен тыгыз байланышта болуп, анын кылмыштуу тобунун иштерин колдоо үчүн ай сайын системалуу түрдө 40 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын берип турган.

Өз кезегинде К.Асанбек Россиянын жана башка өлкөлөрдүн криминалитетинин арасында өзүнүн кылмыштуу байланыштарын пайдалануу менен бизнес-долбоорлорго колдоо көрсөткөн, ошондой эле Россиянын аймагында жана КМШнын башка өлкөлөрүндө С.Р.М.нын жана анын «Т.И.» компаниясынын коммерциялык кызыкчылыктарын илгерилетүүгө жардамдашкан.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, 16-майда компаниянын негиздөөчүсүнүн өкүлү кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди. Ал эми компаниянын негиздөөчүсүнө издөө жарыяланды.

 

553