7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевге таандык болгон объектилердин курулушуна катышкан жаран кармалды

561

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ага карата Жазык-процесстик кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)») боюнча иш козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгиленгендей, аталган В.Р.Г. К.Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, ошондой эле К.Асанбекке таандык болгон төмөнкү ири объектилердин курулушуна биргелешип катышкан: «Березка» мончо комплекси, «Барс» эс алуу борбору, «Каганат Резорт» эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы «Ордо» соода борбору, ошондой эле «Сейил» шаарчасындагы коттедждер.

Учурда УКМК тарабынан К.Асанбекке (Көлбаев) тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

562