7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Көмүр камдап алыңыз!» Бишкекте көмүр сатуучу үч пункт ачылды

1136
Борбор калаанын мэриясы алдыдагы күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында даярдоону эске салат. Бүгүнкү күндө Биринчи май районунун аймагында Кара-Кеченин көмүрүн сатуучу үч пункт ачылды:- «Ак-Босого» конушунун Архитектура көчөсүндө, Чүй проспектиси 14 дарегинде  1 тоннасы 4300 сомдон сатылууда;
— Мурас-Ордо конушунун Мурас-Ордо 13 жана 19 көчөлөрүнүн кесилишинде көмүрдүн тоннасын 4500 сомдон же бир мүшөк көмүр 170 сомдон сатууда.

1-октябрдан тарта Дэн Сяопин проспектиси 531 боюнча жаңы пункт иштей баштайт, баасы 1 кап көмүр үчүн 200 сомду түзөт.

Свердлов районунда Достоевский көчөсү, 1 дарегинде көмүр базасы жайгаштырылган, шабыркүл көмүрү бир тоннасы 5000 сомдон сатылууда, ошондой эле Келечек конушунда айланма өтүүчү жолдун боюнда бир кап 250-300 сомдон сатылган пункттар иштеп жатат.

Ленин районунун аймагында катуу отундарды сатуунун алты пункту төмөнкү даректер боюнча жайгашкан: -Мурман көчөсүнүн 126 үйү,  4000 сомдон сатылууда, анын ичинде жүктөө, бирок жеткирүү жок;

-«Кара-Тоо» ЖЧК Мурман көчөсүнүн 45/2 үйү (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) 5000 сомдон сатылат;
-«Береке» ЖЧК Мурман көчөсүнүн 122, 122а үйлөрү 4000 сомдон сатылат;
-«Беш Сары» ЖЧК Мурман көчөсүнүн 1Б үйү, 4200 сомдон сатылат;
-Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасы Дэн Сяопин проспектиси, 306а үйү 4200 сомдон сатылууда;
-«Болотбеков» ЖЧК Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 үйү, 4200-5500 сомго чейин сатылууда.

Ошондой эле, кошумча көмүр сатуучу пункттар  ачылды. Алыкулов көчөсүндө 250 сомдон 350 сомго чейин, Гагарина көчөсүнүн 67 үйүндө 250 сомдон 400 сомго чейин капка салынып сатылууда.

Октябрь районунун аймагында «Кара-Кече», «Кара-Жыра», «Беш-Сары» көмүрлөрүн  сатуучу үч пункт жайгаштырылган:
— «Глобал Азия Пропертис» ЖЧК «Төкөлдөш» конушу 1 дарегинде  тоннасы 5000 сомдон;
— Достоевский көчөсү 97дарегинде  1 тоннасы 4000 сомдон;
— Октябрь  көчөсү (Анкара) 2/2 1 тоннасы 4000 сомдон;
— Анкара көчөсү 1а  дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1137