7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көмүр казуучу компанияларга каршы болгон айдоочулардын талабы кандай?!

753

Бүгүн, 6-апрелде Көмүр казуучу компаниялар менен түз иштешүүгө макул эместигин билдиришип, 30дай айдоочу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын алдына чогулушту.
Алардын айтымы боюнча мамлекеттик тендерден уткан көмүр казуучу компаниялар, аны жеткирүүчү айдоочуларга арзан тариф менен ташытып жатышат. Андыктан алар компания менен эмес, “Кыргызкөмүр” менен түз келишим түзүп иштешүүнү талап кылышууда.Нааразы болгон айдоочуларга , ишкананын директору жолугуп сүйлөшүү жүргүздү. Жолугушууда ишкананын директору Канатбек Аширбаев Өкмөткө кат жөнөтүп, айдоочулар менен түз иштешүүнү, белгилүү бир тарифти коюп берүүнү өтүнгөнүн айтты. Ал эми бул жоопко канаатанбаган айдоочулар жыйын залынан чыгып кетишип, аталган маселе боюнча өлкө башчысына кайрыларын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

754