Эртең, 4-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында күн ачык болот.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;
- Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
- Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20;
- Бишкек түнкүсүн 7…9, күндүз 23…25° болот.
Ал эми бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3 градуска чейин болот.