Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө иштерин улантуу үчүн Нарын шаардык №16 ӨКБдан 7 куткаруучу, жана жергиликтүү тургундардан 5 киши тартылган.
Эскерте кетсек, 7-март күнү Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 2013-жылы туулган Т.Т аттуу жаш бала түшүп кеткен.