Баткенде сарай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чек айылында сарай өрттөнүп, жерине 4 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылып, саат 18:56да өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен сарайдын 96 метр чарчы аянты күйүп, 89 даана шифер, 30 даана айырмач (стропила), 196 м. рейка жана 396 таңгакталган тоют чөп күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.