Өлкөдө 300 жеке менчик медициналык клиниканы жабыла турганын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналист Лейла Саралаевага берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, «Ош» базарында 8 аборт жасоочу мекеме бар. Ар биринде күнүнө 20 кыз-келин боюнан алдырат.
Ошондой эле, ал текшерүү учурунда 100 менчик клиниканын үч-төртөөнүн гана лицензиясы болгонун айтты.
«Көрсө 30 жылдан бери медициналык борборлорду эч ким текшербептир. Эч бир нерсеси жок, лицензиясы жок эле иштеп жүрүшкөн. Алсак, «Ош» базарында 8 аборт жасоочу мекеме бар. Ар биринде күнүнө 20 кыз-келин боюнан алдырат экен. Не деген тагдыр талкаланып жатат. Мен азыр Үй-бүлөлүк медицина борборунун баарына мыйзамдуу аборт жасоочу жай ачып жатам. Ал жерде купуялуулук сакталат, эч бир жерде катталбайт. Жаза баскан жаш кыздар башка бирөөнүн атын айтып да келе берсе болот. «Ош» базардагыдай жерден боюнан алдыруунун кесепетинен бир нече ооруларга чалдыгып, тукумсуз болуп калышууда», — деди Бейшеналиев.
Министрдин маалыматына караганда, учурда өлкөдө медициналык кызматтарды көрсөткөн менчик клиникалардын 50 пайызы текшерилип бүттү.
Мындан сырткары, ал дагы бир текшерүүнүн жыйынтыгы менен 12 медициналык колледж жабылып жатканын кошумчалады.