Бүгүн, 23-сентябрда айрым аймактарда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы:
Чүйдө +18…+23, Талас аймагында +17…+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26 градус жылуу болсо, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +11…+16 градуска жетет.
Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +19…+21, Ош шаарында +24…+26 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.