7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

634

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, бул мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр-бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыкты.

«Турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат, мындай кырдаалда алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегүүдө. Өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес», — деди депутат.

«Жарнама жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине ылайык жазгырмалуу жарнама Укук бузуулар кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет. Бирок бул мыйзамдарда дал окульттук жана магиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бөлүк жазылган эмес. Андыктан сунушталган долбоор алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюу салууга мүмкүндүк берет.

 

635