7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дээрлик 6 млн сом табылган. УКМК милициянын 4 кызматкерин кармады

302

Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилигинин күзөт полкунун катардагы кызматкерлеринен системалуу түрдө акча чогултуусу боюнча коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилери кызматкерлерге коммерциялык объектилерди кошумча күзөтүүгө уруксат берип, айлыктын бир бөлүгүн алып турушкан.

27-августта бөлүм башчынын орун басары, милициянын подполковниги А.Б.Г. 110 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал эми полковник О.С.С. иш бөлмөсүнөн 46 миң доллар, 5,9 млн сом жана ок-дары чыккан.

Ошондой эле улук инспектор капитан Ч.Б.К. жана взвод командири ага лейтенант М.Э.Т. да кармалып, баары УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

303