7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кабмин ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундарга 47,7 га жер мыйзамдаштырды

756

Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган жашоочулардын маселелерин чечүү максатында, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоо жөнүндө чечими кабыл алынды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 га жер “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулду (трансформацияланды).

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5,0 млн (беш миллион) сом өлчөмүндө каражат бөлүүсү тапшырылды.

Белгилесек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган тургундар менен жолугушуусунда Министрлер Кабинетине жакынкы мезгилде аталган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тапшырмасын берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757