7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжай: Ири жол кырсыгынан 8 адам каза болду (ФОТО)

803

Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, Чечме айылында жайгашкан “Чечме” өткөрүү бекетинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) жол кырсыгына кабылган.

Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында үйлөрдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан бул автоунаада, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинен ӨКМдин 2 кызматкери каза болгон жана 7 адам жаракат алган.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу тартылды.

Кырсыктын кесепети такталууда, кошумча маалымат берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

804