7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда кыргыз-өзбек жарандары биригип аткезчилик менен күрүч сатып келишкен

154

Кадамжайда эки улуттун жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ Өзбекстандан Кыргызстанга болжол менен 6-7 тонна аткезчилик күрүчтүн партиясын импорттоп жаткан жеринен кармалышты.

Маалым болгондой, аталган топ бажы, салык жана чек ара мыйзамдарын бузуп, Фергана-Чоң-Кара-Кадамжай жолу менен ар кандай керектөө товарларын аткезчилик жол менен алып өткөн. Натыйжада коңшу мамлекеттин жарандары Өзбекстандын аймагында көп өлчөмдө күрүч сатып алышкан.

“Кийинчерээк, алдын ала пландаштырылган кылмыштуу схема боюнча, бул күрүч жүктөр Кадамжай районунун транзиттик аймагы аркылуу Өзбекстандын Чоң-Кара анклавына жеткирилген. Андан кийин товарлар Өзбекстандын Чоң-Кара анклавынан мыйзамсыз чыгарылып, КР жаранынын Ак-Турпак а/а түшүрүлгөн. Андан соң товарлар Кыргызстанда сатылган”, — деп жазылат маалыматта.

Учурда аткезчиликке тиешеси бар кыргызстандык М.Н.А. аттуу жаран тергөө алдында турат.

155