7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда милициянын майору кармалды

350

Ички иштер министрлигинин Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы, милициянын майору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кол алдындагы кызматкерлерден мөөнөтүнөн ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле негизги эмгек акысы үчүн түшкөн акча каражаттарынан ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин системалуу түрдө опузалап алып турган.

Атайын кызмат шектүү кезектеги 95 миң сомду опузалап алып жаткан жеринен кармалганын белгиледи. Натыйжада милициянын майору УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

351