Кадамжайда жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшүнө милиция кызматкерлеринин тиешеси барбы? Бул тууралуу Баткен ОИИБ төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана социалдык тармактардын колдонуучулары! Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандардын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иштин калыс тергелиши Баткен ОИИБдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө»,-деп билдирет билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү тюнелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган К.А. жансыз денеси табылган. Жашы жете элек кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул факты боюнча учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
«Иштин тергелишинин жүрүшү боюнча коомчулукка кошумча маалыматтар берилип турат. Баарыңыздардан бирден-бир сураныч. Такталган маалыматтарга гана комментарий жазсаңыздар. Айрымдар жарандар аталган кылмышты жасагандардын арасында милицияны кызматкери бар экен деп да жазып жатышат. Ыйгарым түрдө айтабыз. Кылмышка шектүү кармалгандардын арасында милиция кызматкери жок экенин дагы бир жолу баса белгилейбиз. Тергөөнү ыкчам жана акыйкат тергелишин Баткен ОИИБнын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды»,-деп берилет билдирүүдө.