7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда жезде — кайнинин урушу өлүм менен аяктады

722

Кадамжайда жер талашып жездеси менен кайниси уруша кетип, жездеси кайниси менен анын баласын атып салды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-августта саат 18:30 чамасында болгон. Чаувай айылында жер талаштан улам эки адам октон жараат алып, анын бири ошол жерде каза болгон.

60 жаштагы шектүү мас абалда 49 жаштагы кайнисин жана анын 22 жаштагы уулун белгисиз ок атуучу курал менен атып жиберген. Кайниси денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон, ок анын сол жак колуна тийген. Анын уулу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген,анын анын оң жак желкесине ок тийген.

Бул факты Кадамжай РИИБине катталып, шектүү өзү жашаган үйүнөн кармалып, бир даана ок атуучу сайсыз куралы беш огу менен тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон.

Маркумга соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723