7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп 7 адам ооруканага түштү

3268

Кечээ, 9-октябрь Кадамжай районунда жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

«9-октябрь кечки саат 17: 30 чамасында Кадамжай-Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымында (Өндүрүш айылы) Toyota Avensis менен Honda Odyssey үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгына жалпы 10 адам учурап, анын ичинен 3 жаран жеринде каза болду(1 эркек 2 аял), 7 жаран ар түрдүү жаркат алган (5 ркек, 2 аял). Каза болгон эркек кишинин жансыз денеси Кадамжай шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген, ал эми жабыркаган жарандар Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирилген«, — деп билдиришти ӨКМден.

Куткаруу иштерине Кадамжай райондук №76 ӨККБдан 3 куткаруучу, «Тез жардам» кызматы жана ИИМдин кызматкерлери тартылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3269