7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек? (ВИДЕО)

1267

Кадыр түн миң айдан да жакшы түн. Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет.

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек? Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби?

  • Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда анда жалкоо табияттар бүгүн Кадыр кечеси деп калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.
  • Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, кайсыл бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.
  • Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.

Ал эми «кадыр» деген сөз, ислам окумуштуулары тарабынан үч түрдүү чечмеленген:

  • «Өкүм түнү» дегендикке жатат. Буга ылайык кадыр түн дегенибиз «Аллах Тааланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин анык ажыратылган түнү» маанисинде түшүндүрүлөт. Бул жерде айтылып жаткан «тагдыр» эзелки белгилеп коюлган өкүм-чечимдердин ачыкка чыгуусун билдирет.
  • «Кадыр-баалуулук, улуулук» – деген мааниде. Буга ылайык кадыр түнү «өтө кадырлуу, улуу түн» дегенди билдирет.
  • «Тардык, кысылуу маанисинде. Мындай болгондо кадыр түнү «кысылуунун, тардыктын түнү» деп чечмеленип, бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылаары жөнүндөгү баяндоолор негизинде түшүндүрүлөт. Кээ бир ислам окумуштууларынын пикиринде, «кысылуудан» максат, акыр аягында зор жакшылыктардын жүзөгө ашуусун шарттаган чон иштердин корулуусун билдирет. Эстеп көргөн болсок, Курандагы алгачкы аян сүйүктүү Пайгамбарыбызга(САВ) Жебрейил периштенин катуу кысуусу менен башталган.

Кадыр түн Курани Карим түшүрүлгөн түн.

Касиеттүү кадыр түндүн керемет өзгөчөлүктөрү менен соопторунун бир башаты — ушул түндө Курани Каримдин пайгамбарыбызга (САВ) түшүрүлө баштаганы. Курани Карим — Алаах Таала тарабынан адамзатка берилген түбөлүктүү керемет китеп. Курани Каримдин тендешсиздиги, кереметтиги өксүбөстөн, убакыт өткөн сайын даана байкалып, кыяматка чейин уланат.

Адамдын жүрөгү Курани Карим аркылуу ачылып, Курандын терең жана бийик маанилери менен күч кубатка толот. Куран аркылуу акыл нурданып, зээн курчуйт. Курандан насип буйурбаган адамдын жүрөгү ойрондолуп, чалдыбары чыккан ээн үйгө окшойт. Ошондуктан, Курани Каримди сүйөлү, окуйлу, угалы, үйрөнөлү жана үйрөтөлү. Үйрөнүүгө, окууга жана окутууга үндөп, ушул жолдо башкаларга жардам берели. Касиеттүү ыйык Рамазан айында буларга айрыкча көңүл буралы. Дегеле Куран айаттарынын терең маани мазмунун жана жол-жоболорун көңүл койуп үйрөнүп билгенге аракет жасап, Курани Каримди жакшы түшүнгөн илим дүүлөрдөн мүмкүн болушунча сурап үйрөнөлү.

Миң айдан да жакшы түн.

Жогоруда маанисин берип өткөн «Кадыр» сүрөсүндө, кадыр түндүн «ичинде кадыр түнү жок болгон миң айдан да жакшы» болору билдирилген. Алаах Тааланын бул ыйык кабары эч кандай талаш тартыш туудурбагыдай даражада анык жана кескин айтылган. Андыктан бул Кадыр түнүнүнүн бийик кадыр баркына, улуулугуна жана соопторуна эң күчтүү, айкын далил болууда. Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) бизге баяндалган төмөндөгү кабарда кадыр түнүнүн маани маңызын түшүнүүгө өзгөчө өбөлгө түзөт. Сүйүктүү пайгамбарыбызга (с.а.в.) өзүнөн мурунку адамдардын өмүрү канчалык узак болгону көрсөтүлгөн элэ. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) муну билип, өз үммөтүнүн өмүрүнүн кыскалыгын сезди. Узун өмүрлүү болушкан башкалар жасаган жакшы иштерди мынча кыска өмүрдө булар жасай алышпайт деп ойлоду. Бул кезде Аллах Таала ага миң айдан да жакшы, сооптуу болгон Кадыр түнүн белек кылды.

«Ким кадыр түндү сообуна ишенип ыкылас менен, өткөрсө, мурунку күнөөлөрү кечирилет». «Аллах таала Кадыр түнүн менин үммөттөрүмө рахмат кылып берген, мындан башка үммөтөргө берген эмес».

Бул ыйык түндү ыйыктыгына ылайыктуу түрдө маанилүү өткөрүүгө керек.

  1. Бул түнү Аллах Таала үчүн ибадат кылуу керек. Жаратканга кулдук кылуу сезимин өнүктүрүү керек.
  2. Бул түнү Курани Каримди окуу, окулганын угуу, маанилерин үйрөнүп ой жүгүртүү заарыл. Курани Каримге болгон сүйүү менен жакын ымала күчөтүлүүсү, жаңыртылуусу керек.
  3. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) салават, саламдарды айтуу, анын шапаатынан үмүттөнүү, анын үммөтүнүн катарында болуунун бактылуу маанайын сезип, ага болгон ак ниеттүүлүктү берилгендикти ого бетер күчөтүү.
  4. Үгүт насааттарды, динибизди тааныткан маектерди жакшылап угуу, күнүмдүк жашоонун оор түйшүктөрүнөн улам, жүрөккө чарпылган кайдыгерлик, бейкапардык илдетинин кирлерин жууп салуу зарыл.
  5. Бул түндүн маани маңызы жөнүндө, же болбосо ушул ыйык түн негизги мазмун кылынган актуалдуу диний темаларда илимпоздор-аалымдар жагынан уюштурулган жыйналыштарга катышуу керек. Анткени мындай актуалдуу темалар адамдын өзүн-өзү сындан өткөрүп, жанылыштык, каталыктарды кайрадан таанууга, кемчилдиктерди жоюуга, айрыкча боордоштук карым катышты, достукту, ынтымак-ырашкерчиликти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
  6. Тообо, истигфар кылынууга тийиш.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1268