7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадырали Конкобаев: Бир да мамлекет өз жазма тили жок жашай албайт, IX кылымда болсо кыргыз мамлекети болгон

470

Профессор, түрк таануучу Кадырали Конкобаев: Президент Садыр Жапаровдун чечими менен кыргыз тарыхын жаңылап жазуу боюнча атайын комиссия түзүлдү, анын биринчи жыйыны да болуп өттү. Советтик мезгилде, 1984-жылы чыккан академиялык китептен бери Кыргызстандын тарыхы боюнча олуттуу эмгек эмгиче жок, ал китеп болсо ошол мезгилдеги коммунисттик идеологиянын нугунда жазылган. Жакында жакында жаңы китептин концепциясы иштелип чыгып, кийин эмгек өзү да жазылат.

Илгери, IX-X кылымда Улуу кыргыз каганаты болгонун билебиз, бирок мамлекет өзүнүн жазма тили жок жашай албайт, ошондуктан Кыргыз каганатынын расми тили катары байыркы түрк, же орхон-енисей тили колдонулган десе болот. Ошол байыркы түрк жазмалары тууралуу биз азыр 7 томдук эмгек даярдадык, анын биринчи тому орус тилинде жарык көрдү, калгандарын, мүмкүн, биз түрк тилинде чыгарып калышыбыз мүмкүн. Ал байыркы түрк тилин кадимки эле кыргыз тили деп да атаса болот.

471