7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадырали Конкобаев: Козодой жазып жаткан кыргыздардын цивилизациясы жөнүндөгү китеп чоң ачылыш боло тургандай

572

Профессор, түрк таануучу Кадырали Конкобаев: Байыркы кыргыз тилинде азыркы «й» тамгасынын ордуна «з» же «д» деген тыбыштар айтылчу, ошондуктан азыркы «коён» же «кайың» деген сөздөр мурда, илгери «козоң» же «кадың» деп айтылган. Ошондой эле себептен «Ысык-Көл» илгери «Ызык-Көл» же «Ыйык-Көл» болгон, илгери кыргыздар Сибирден Теңир-Тоого жер которгондо, азыркы «Ысык-Көлдү» Алтайдагы «Ыйык-Көлдүн» атынан атаган. Кийин, орусташып баратканда, аны биз «Горячее озеро» деп калдык.

Сибирь кыргыздарынын XVI кылымдын аягынан XVIII кылымдын башына чейинки мамлекеттүүлүгүн изилдеген орусиялык окумуштуу Виктор Иванович Козодой илгерки орус илимпоздору Радлов, Бартольд, Киселёв, Абрамзон, Бернштамдын үлгүсү менен ошолордун ишин улантууда. Анын Эренек тууралуу китеби кыргызчага которулуп, былтыр жарыяланды, азыр ал түрк тилине да которулуп, буюрса, жакында Анкарада дагы басылып чыгат. Азыр Козодой байыркы кыргыздардын цивилизациясы жөнүндө китеп жазууда, ал эмгек – чоң ачылыш боло тургандай.

573