7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кафе-ресторандардагы тейлөө акысын алып салуу долбоору иштелип чыкты

279

Министрлер кабинети кафе жана ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салууну сунуштап, токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Тейлөөгө деп эсептелген кошумча 10 -15% төлөмдү   алууга жол берилбейт.

Бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы менюда, прейскурантта толук көрсөтүлүп, чай-пул берилген учурду кошпогондо менюдагы эсеп акыркы суммага дал келиши керек.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев кафе-ресторандардагы тейлөө үчүн делген 15 пайыздык акы жокко чыгарылышы ыктымал экенин билдирген.

Акы алууну мыйзамсыз деп айтууга болбой турганын, ошол эле учурда кардарлар анын негизсиз кошулганын айтып жатканын билдирген. Мындан улам тиешелүү мекемелер тарабынан талдоо жүргүзүлүп, сунуштарды даярдоо боюнча кыймыл башталганын кошумчалаган.

280