Жалал-Абад облусундагы №13 округда 1-мартта ѳтѳ турган кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны жетиге жетти.
Алар — Акылбек Арстанбеков, Эркинбек Маматаев, Уланбек Асанов, Бактыбек Асамудинов, Токторали Калматов, Уланычбек Чолпонов, Кадырбек Матсаков.
Шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан арыздар 29-январга чейин кабыл алынат.
Борбордук шайлоо комиссиясы №13 округдагы кайра шайлоону 1-мартка белгилеген. Кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом жумшалат.
Аталган округдагы шайлоонун жыйынтыгы 3-декабрда мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган.



