7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайрадан жаңжал. Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды, тажик тарап миномёт колдонууда

766

Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жүргөндө Тажикстандын чек арачылары шарттуу чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өткөнүн аныкташкан. Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча талапка көңүл бурбай, Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.

Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномётторду колдонгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок.

Саат 13:00гө карата атышуу уланып атканы айтылды. 

«Чек ара кызматтарынын бүгүн болгон телефондук сүйлөшүүлөрүнө жана ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан, тажик тарап ок атууну токтотпой жатат» , — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип, тажик кесиптештерин Кыргызстанга ок атууну токтотууга чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

767