7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайрат Итибаев: Салыктардын падышасы – кошумча наркка салынган салык

450

Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев: Адам же жалпы эле эл бактылуу болуш үчүн 4 негизги шарт керек – ден-соолук, сапаттуу тамак-аш, жетиштүү билим жана жакшы эс алуу. Бул төрт негизги шартты камсыз кылуу үчүн айыл-чарба менен кайра иштетүүчү өнөр жайын, медицина менен билим берүү тармагын жана туризмди өнүктүрүү керек. Эгер биз өз калкыбыздын турмушун ушундай жогорку сапатта уюштура алсак, чет өлкөлүктөр дагы келе баштайт.

Бул негизги төрт тармакты өнүктүрүү үчүн энергетика менен жол инфраструктурасы, банк кызматы жана башка тейлөө тармактары бир-бири менен айкалышып, эч кынтыксыз иштеш керек, ал үчүн болсо жогорку деңгээлдеги менеджерлер менен жалпы эле кадрлар сапаттуу болууга тийиш. Анын баарын камсыз кылуу үчүн салыктын баары кеми жок чогултулууга тийиш, мамлекеттин баркы менен мааниси ушул жерден көрүнөт, салыктардын эң негизиги болсо – кошумча наркка салынган салык.

451