7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайрымдуулукка деп акча чогултуп, өзүнө BMW сатып алган кыз кармалды

377

Кайрымдуулукка деп элди алдап акча чогултуп, 30 миң долларга жаңы BMW сатып алган кыз кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Шектүү өзүн ооруган адамдын тууганы же ыктыярчы катары көрсөтүп, ооругандарга жардам берем деп алдап акча алып жүргөн.

Милиция аны 2024-жылдын март айында эле каза болгон 50 жаштагы кишиге акча чогултуп жатканда байкап калган. Ал Ысык-Көлдө баласын дарылоого жардам сураган үй-бүлөнүн видеосун да колдонгон. Башында видео башка номерлер менен чыкса, кийин башка номер жазылганы билинип калган.

20 жаштагы кыз башкалар шекшип калбаш үчүн банк карталарын соцтармактан тапкан майыптыгы барларга каттатып ачтырган. Аларга акча берем деп жеке маалыматтарын алып, эсеп ачып, аларды өзүнүн телефонуна байлап койчу.

ИИМ 2024-жылдын соңку 2 айында эле анын электрондук капчыктарына 2,5 млн сом түшкөнүн билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн расмий эч жерде иштебей туруп 30 миң доллардан ашык турган BMW машинасын алганы ачыкталган. Ал Ошто жаңы автоунаасын айдап жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн.

 

378