7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кайтарылып алынган наам. Сындар жана талаптар» Министрден жооп

247

Аты таанымал, эмгек сиңирип эл артисти наамына татыган эстрада ырчылары Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин долбоору дагы да болсо чуу жаратууда.

Бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Курал Чокоев «Маданияттын мыкты кызматкери» наамынан ажыратылды, ал эми Кайрат Примбердиев «Эмгек сиңирген артист» наамынан кол жуу алдында турат.


Буга карай коомчулукта оң дагы, терс да пикирлер жаралып, ал тургай аттуу-баштуу шоу-бизнес өкүлдөрү жактап чыгышты.


Теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков өзүнүн Твиттер баракчасына ырчыларды сыйлыктарынан ажыратуу туура эместигин жазып чыкты: «Ютубдагы шоу албетте “өтө жаман” нерсе. Бирок Маданият министрлиги Кайрат менен Куралдын сыйлыктарын тартып алууга аракет кылса мен өзүм барып бардык сыйлыктарымды тапшырып берем”, — дейт ал.


Ал эми белгилүү теле алып баруучу Нурзат Токтосунова өзүнүн Instagram баракчасына: «Жаңылбаган жаак болбойт. Туура эместигин моюндарына алышты. Сабак болсун катуу кетпейли. Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев экөөнү 15 жыл жакшы жагынан гана билчүмүн. Жаңылды. Туура эмес болуп калды. Бирок 20 жылдык эмгектерин, сыйлыктарын албасак. Катуу кетпейли. Сабак болсун баарыбызга», — деген билдирүүсүн калтырды.

Кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошкон өнөр адамы Сыймык Бейшекеев ырчыларды сынга алып, алардын атынан элден кечирим сурады: «Айкөлдүн элинен, адепсиз инилердин акылсыз жоруктары үчүн, өнөр адам катары, кечирим сурайм, тескейбиз, башка кайталабай турган кылабыз», — деп жазган.

Ал арада бул чечимге каршы чыгып, Маданият министри Нуржигит Кадырбековдун отставкага кетүүсүн талап кылгандар да четинен табылды. Аларга министр: «Комментарийсиз калтырам. Отставкамды талап кылгандар кыла берсин. Биз өзүбүздүн жумушубузду аткара беребиз», — деп жооп узатты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

248