7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Калыгулов: Сөз эркиндиги жок дегендер – «сөз эркиндиги» деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер

480

Адилет Калыгулов: Сөз эркиндиги жок дегендер – «сөз эркиндиги» деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер

Адилет мырза, сиз “өз пикирин айтуу менен, башаламандыкка чакыруунун айырмасы бар”,- деп айтып келесиз. Ошондо конкреттүү кимдерди айтып жатасыз, бүгүн абактан чыгарылгандарбы?

— Көп жылдан бери элдин аң сезимине сиңип калган түшүнүктөр бар да. Мисалы саясатчы камалбайт деп ойлошчу. Өмүрбек Текебаев камалганда ал окуя “дүң” болуп жатып калган. Андан кийин бир топ саясатчылар, кызмат адамдары камалып көнүмүш адат болуп калды. Райым Матраимовду деле алалы, “кокуй бул камалбайт, кимдин эрки жетмек эле?”-деп сөз кылчубуз, азыр түрмөдө отурат. Ошол сыяктуу эле “журналисттер камалбайт, баш кесмек бар, тил кесмек жок”-деген түшүнүк сиңип калган. Мына ошол түшүнүккө жамынып алып оюна келгенди жазып, элди бийлик басып алууга чакыргандар пайда болду. Жакында камалган 11 блогер боюнча айтайын.

Кармалгандардын баарын журналисттер деп таануу туура эмес деп ойлойм. Алар социалдык тармактарды пайдаланып, ар кандай билдирүүлөрдү, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган маалыматтарды жоопкерсиздик менен жарыялаган блогерлер десек болот. Теңинин диплому дагы жок экен, мектептеги билими боюнча. Массалык башаламандыкка чакырган адамды патриот деп айтууга болобу? Тескерисинче, экинчи аспект — каржы жагы болуп саналат. Көбүнчө көз карандысыз журналист жана блогер деп өзүн атагандар ар кандай фонддордон, уюмдардан ж.б.у.с. гранттык каражаттарды жана тапшырмаларды алышат.

— Камалгандар айтып жатышпайбы, өз ой-пикирибизди эле айтканбыз, эмне сүйлөтпөйсүңөрбү, оюбузду айтсак болбойбу деп?

— Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “жалган патриоттор”. “Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат. Башка укуктук мамлекеттегидей эле Кыргызстанда да мыйзам алдында жоопкерчилик бар. Буга байланыштуу маалыматтын чын экендиги, шексиздиги үчүн ар бир адам, биринчи кезекте өзүн журналист же блогер деп эсептегендер жоопкерчилик тартышы керек. Жеке блогерлер, активисттер ачыктан-ачык жалган маалымат таратып жатканына далай жолу күбө болдук. Көбүнчө атайылап же билбестен регионалдык, диний жана этностук кастыкты козутуу аракеттери, ошондой эле Конституцияга каршы аракеттерди, башаламандыктарды жасоого чакырыктар болгон. Бул конкреттүү мисалды алсак, Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, Тажибек кызы Махабаттын видеокайрылууларында Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган массалык башаламандыкка чакыруунун белгилери бар. Элдин баары аларды көрүп-билип эле турат. Эгер бийлик сөз эркиндигине каршы адилетсиз кадамдарга барса, эбак эле эл көтөрүлүп кетмек. Кыргызстандын ар бир жараны, биз — өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербешибиз керек. Биз азыр аң сезимибизде терең реформа жасашыбыз керек. Анткени биздин аң сезимде мыйзамдан биринчи түшүнүктөр орноп, ким кыйкырып чыкса ошонуку туура болуп калган. Мына ушул ойдон арылып, нукура укуктук эркин мамлекетти куруу үчүн эң ириде өлкөдө тартип орноп, мыйзамдар так иштеши керек. Салык төлөбөгөндөргө, коррупционерлерге, мамлекетке бүлүк салган душмандарга эл жийиркенүү менен карагандай идеологияны жүргүзөлү. Алар өлкөнүн өгөйлөрүнө айланышы керек. Укуктуу мамлекетибизде мыйзамга баш ийип жашаганды ар бирибиз өздөштүрөлү, жаратман бололу.

 

481