УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган:
- «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;
- Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
- «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;
- «Бурана Резорт» эс алуу борбору.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.