7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев 6 балалуу энеге эки бөлмөлүү батир тапшырды

250

Бүгүн, УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев 29 жаштагы 6 баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

А.Болотбекова жалгыз бой эне, анын эки баласынын жана өзүнүн да майыптыгы бар. Колунда 5 айлык ымыркайы менен мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, балдарын багууга шарты жок. Туруктуу жашаган үйү жоктугунан улам, батирлеп жүрүп, ижара акысын төлөөдө да кыйынчылыктар болуп келген. Андыктан, 6 балалуу эне жардам сурап шаардык мэрияга кайрылган. Бирок, ал жактан эч кандай жооп болгон эмес.

Мындан улам жалгыз бой эне УКМК төрагасына көмөк сурап кайрылган. Жыйынтыгында А.Болотбековага генерал-полковник Ташиев шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды.

Генерал-полковник А.Болотбековага жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук каалап, балдардын келечеги жаркын болсун деген жакшы тилегин айтты. Ал Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

251