7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчуларга жолукту

566

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчуларга жолукту.

Бүгүн, 14-январда КРнын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК Төрагасы, Улуттук Бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев жана КР Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев 16-27-январь күндөрү Таиланд мамлекетинин Бангкок шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчуларга жолугушту.

Аталган чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында өтүп, Кыргызстандан 12 мушкер, 3 машыктыруучу жана бир калыс барышат.

 

Жолугушууда Камчыбек Ташиев курама командага ийгилик каалап, мушкерлер чоң байгелүү орундарга ээ болушун каалады. Ошондой эле, ар бир Кыргызстандык спортчунун жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүсү күч болуп, таалыкпай эмгек кылып, аракеттен тайбаса сөзсүз жеңишти багындыраарын айтты. Өз кезегинде өлкө жетекчилиги да спортчуларга өзгөчө маани берип, алардын машыгуусуна ар тараптуу шарт түзүп берүүгө көмөктөшөөрүн билдирди.

Ал эми Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчулар УКМК төрагасына ыраазычылык билдирип, өлкө желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарды багындырууга болгон күч аракетин жумшашаарын убадалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

567