7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микеле Плачидо менен жолукту

26

Бүгүн, 12-июнда УКМКнын Башкы штаб-квартирасында УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев эл аралык кинофестивалдын алкагында Кыргызстанга келген белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микеле Плачидо менен жолугушуу өткөрдү, ал “Спруг” криминалдык телесериалында (1984-1989-ж.ж) “Комиссар Каттанинин” ролун аткарган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде М.Плачидонун Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык кинофестивалдарга катышуусу, ошондой эле Борбордук Азиядагы туристтик борбор катары Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн көтөрүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде актер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин сунуштаган демилгелерин чын жүрөктөн колдоого даяр экенин билдирип, Бишкекте жылуу кабыл алгандыгы үчүн Кыргызстандын жогорку жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, баарлашуу учурунда М.Плачидо Кыргызстандын аймагында өнүктүрүүнү пландап жаткан жеке киностудиясы тууралуу маалымат менен бөлүштү. Белгилей кетсек, Плачидонун Кыргызстанга келүүсү эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоодогу маанилүү кадам болуп эсептелинет.

Микеле Плачидо — » Спрут» телесериалында Комиссар Каттанинин ролунан кийин дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон белгилүү италиялык актёр жана режиссёр. Ал ошондой эле «Три брата» (1981), «Связь через пиццерию» (1985) жана «Незнакомка» (2007) тасмаларындагы башкы эркектин ролу үчүн Италиянын башкы кино сыйлыгы болгон “Давид ди Донателлого” үч жолу көрсөтүлгөн.
Мындан улам Камчыбек Ташиев кинематография тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө максатында Плачидонун чыгармачылыгына ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

27