7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Чаткал районуна иш сапар менен барды

355

Чаткал жергесине жумушчу сапарынын алкагында, Камчыбек Ташиев пландан тышкары негизде Чаткал райондук төрөт үйүнө барды. Имараттын шарттарын жана медициналык каражаттарга байланыштуу жагдайлар менен таанышып, толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырамсын тийиштүү жетекчилерге берди.

Атайын кызматтын төрагасы район эли менен жолугуп, бийик тоолуу район болгондуктан көп балалуу энелер эки миллионго чейин сүйүнчү пул ала алышарын билдирди.

УКМК төрагасы райондогу иштер боюнча айыл өкмөт башчыларына жана айрым жетекчилерге эскертүү жана тапшырмаларды берди.

Ошондой эле УКМК төрагасы Чаткал дарыясындагы «Башкы-Терек» ГЭСнин имаратында капсула салуу аземине катышып, курулуш иштерин баштап берди.

Мындан сырткары, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 16 чакырым болгон Каныш-Кыя-Кара-Буура автожолунун курулушунун башталышына катышты.

356